• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-өзбек бизнес форуму 115 миллион долларлык долбоорлорду жактырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында эки өлкө 115 миллион долларга барабар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу 6-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков бардык иш-чараларды эффективдүү аткарууда мамлекеттик органдардын тыкыр иштөөсү шарт экенин айтты.

Өзбекстан президенти жер-жерлерде жаралган маселелерди ылдам чечүү үчүн эки өлкөнүн чек аралаш аймактарынын жетекчилерин тыгыз иштөөгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын биринчи-вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов эки өлкөнүн чек ара райондорунун башчыларынын кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий