• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралат. Эртең президент парламент жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтымында, парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий