• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасында асманга ок атылып, бир адам жараат алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык эки автоунааны токтотуу үчүн ок атып, Өзбекстандын жараны жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы билдиргендей, окуя бүгүн, 31-майда Ош облусунун Араван районундагы Тогуз-Булак жергесинде болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча, чек ара нөөмөтү чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын көрүшкөн. Автоунаалар чек арачылардын токтоо талабына баш ийишкен эмес. Чек ара нөөмөтүндөгүлөр, эскертүү иретинде абага ок аткан. Бирок, автоунаалар жолун улап, Кыргызстандын чек ара нөөмөтү автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында, Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Жаракат алган адам Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары – МККнын чек ара аскерлеринин командири менен телефондук сүйлөшүү болгон. Анда чек ара мекемелеринин башчылары, биргелешкен иликтөө жүргүзүү үчүн окуя жерине чек ара өкүлдөрүн жөнөтүүнү чечишкен.

Учурда болгон окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн КРнын Ош облусу боюнча чек ара өкүлү менен Өзбекстандын МКК Чек ара аскерлеринин Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий