• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүн, 31-майда болжол менен саат 12:30да Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Маалыматка ылайык, чырга Чечме айылындагы булак себеп болгон. Эки тарап Чечме деген булакты биргеликте тазалап жатканда аталган булак бизге таандык дешип сөз талаша кетишкен.

"Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбек Республикасынын Сох районунун акими чыр чатакты жөнгө салуу үчүн жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдиришти өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий