• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган тийиштүү жетекчилер менен Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдер жана жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу 4-майда Кыргызстандын "Өтүкчү", Өзбекстандын "Тул" чек ара бекетинде өткөн.

Жолугушууда тараптар чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу кеп кылышкан.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий