• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 8-июнда болжол менен саат 10:30да катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 3 баллга, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий