• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекистан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 25-июнда болжол менен саат 15:00дө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий