• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

770 кароо Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 5-июль күнү саат 12:35те Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий