• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 14-ноябрда Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү саат 14:01де катталып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Жаңы-Кыштак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий