• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-майында 23:03тө КР УИА сейсмология институту тарабынан күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан жана Өзбекстан чек арасында Достук айылынан 8 км түштүк-чыгышка, Ала-Бука районунун борборунан 16 км түштүк-чыгышка, Кербен айылынан 16 км түштүк-батышка, Наманган шаарынан 40 км түндүккө, Терек-Сай айылынан түштүк-чыгышка 45 км, Таш-Көмүр шаарынан 45 км батышка карай жайгашкан.

Республиканын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Достук айылында – 2,5 балл, Кербен айылында, Ала-Бука районунун борборунда – 2 баллга жеткен.

Кыйроолор жана курмандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий