• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр: Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Чек арага чектеш аймактагы тургундардын ортосунда орун алган окуя боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

"Чек арага чектеш аймактагы окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров Өзбекстан Республикасындагы Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев, Сох районунун акими менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Учурда абалды турукташтыруу үчүн үчүн укук коргоо органдарынан кошумча күч тартылууда. Окуядан улам жаракат алгандар бар.

Пикир

Оставить комментарий