• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети убактылуу жабылат

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейинки аралыкта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта Кыргызстандын «Кызыл-Кыя-унаа жолу» жана Өзбекстандын “Өзбекстан-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункттарында жолдун үстүн жаңыртуу, асфальт төшөө, асфальттоо иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу авто каражаттарынын аталагн посттор аркылуу жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук- унаа жолу» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Бажы кызматынан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 4-декабрынан тарта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети кадимки тартипте иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий