• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя: Чек ара мекемелеринин башчылары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Кечээ, 31-май күнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары – МККнын чек ара аскерлеринин командири Руслан Мирзаев болгон жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматынын билдиргени боюнча, 30нан 31-майга караган түнү чек ара нөөмөтү чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын көрүшкөн. Автоунаалар чек арачылардын токтоо талабына баш ийишкен эмес. Чек ара нөөмөтүндөгүлөр, эскертүү иретинде абага ок аткан. Бирок, автоунаалар жолун улап, Кыргызстандын чек ара нөөмөтү автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында, Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Жаракат алган адам Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген. Окуя Ош облусунун Араван районундагы Тогуз-Булак жергесинде болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара мекемелеринин башчылары окуя жерине барышкан.

Эки тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулап, чек өкүлчүлүк аппараттарынын жетекчилери менен окуя болгон жерди көрүп, биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарды мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий