• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ынтымак" жана "Кара-Суу" бекеттери калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Савай айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан “Ынтымак”, Кара-Суу шаарынын 9-кварталында жайгашкан "Кара-Суу автодорожный" өткөрмө пункттарына барып, алардын абалы, инфраструктурасы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин тапшырмасына ылайык, мындан ары эки элдин карым-катнашында эч кандай чектөө болбошу керек. Эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, соода-сатык, транспорт маселесин жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшайбыз’’, - деди Жарасул Абдураимов.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлган анын ичинде Ош облусу менен Андижан облусунун кызматташтыгын жакшыртуу жана кеӊейтүү максатында жол картасына да кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий