• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жумуштар макулдашуунун негизинде жүргүзүлүшү керек – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылында Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча жана Өзбекстан Республикасынын Чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөргө тараптардын чек арадагы аймактарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары да катышышкан.

Жолугушуу учурунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Булактын” айланасында (Чечме айылы) 2020-жылдын 23-июнунда өзбек тарап жүргүзгөн топосъемка иш-аракеттери талкууга алынган.

“Кыргыз тарап Кыргызстандын тиешелүү органдары менен макулдашпай туруп бул аймакта топографиялык тартууларды, видеого түшүрүү жана башка иш-аракеттерди алып барууга болбостугун билдирди. Өзбек тарап Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү келтирген аргументтерге макул экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жүрө турчу иш-аракеттер жөнүндө тараптар бири-бирине алдын ала кабар берип макулдашары тууралуу чечим кабыл алынды”, - деп билдирет Чек ара кызматы.

Кыргызстандын чек арачылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Чечме айылынын активдүү адамдары менен биргеликте чек арадагы аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий