• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Өзбек делегациялары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. 2017-жылдын 20-29-июлуна чейин Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынан турган жумушчу тобу, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитации жана демаркация маселелери боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Бирге жүргүзүлгөн иштердин аткарылышы менен таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы КР Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Аскандаровду жана өзбек делегациясынын жетекчиси– өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи–Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Ильхом Неъматовду кабыл алды.

Кыргызстан менен Өзбестандын делимитация жана деморакиця боюнча Өкмөттүк делегациясынын жетекчилери менен болгон жолугушууда Премьер-минстр Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды аныктоо процесстери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары өзбек делегациясынын жетекчиси Ильхом Неъматовду Кыргызстандагы Өзбекстан Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов менен бирге КР Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кабыл алды. Ал делегация мүчөлөрүнүн мамлекеттер аралык мамилелер тууралуу сунуштарын угуп, биргелешкен иштердин активдүү жүрүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана деморкация иштери боюнча эки тараптуу иштеп тездеп жатканына өзүнүн оң пикирин билдирди.

2016-жылдын август айынан баштап, кайрадан сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн бери 2017-жылдын 31-июлуна чейин эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобу тарабынан 14 жолу жумушчу жыйындар өткөрүлгөн.

Жалпысынан алганда жолугушуу конструктивдүү негизде жана достук маанайда өткөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, жумушчу топтун кезектеги жолугушуусун Өзбекстандын аймагында өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий