• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-өзбек ишкерлери кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Экономика 0

Ташкент, 12.02.19. /Кабар/. Өзбекстандын Соода-Өнөр-жай Палатасынын төрагасынын орун басары Уткир Бутаев менен КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев баштаган кыргыз делегациясынын жолугушуусу болгон. Анда эки тарап алдыдагы кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулаган. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-Өнөр-жай Палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда КР менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, өнөр-жай тармагында, алсак, жеңил өнөр-жай, энергетика, жер казыналарын иштетүү жана башка багыттарда кызматташуу боюнча пикирлер айтылган.

Ошондой эле В2В форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында КРнын жеңил өнөр-жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, "Текстиль Транс" ЖЧКсынын түзүүчүсү Алмазбек Абдраев менен "BMB Trade Group" компаниясынын башкы директору Махмуд Асамовдун ортосунда текстиль жана жеңил өнөр-жай тармагында кызматташуу боюнча сөз болгон.

Анда алар айрым маселелер боюнча пикир алышып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы рынокко чыгуу маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий