• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу боюнча сааттарды тууралашты.

Пикир

Оставить комментарий