• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздук бекемделет

Президент 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча өз ара кызматташуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу болуп саналат.

Макулдашуу региондук коопсуздук жана туруктуулук, терроризмге жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий