• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү өткөн жылдын 11 айында 55% өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. 2018-жылдын 11 айында кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү 55% өсүп, 363 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Өзбекстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда айтылганын podrobno.uz жазат.

Министрлер эки өлкөнүн 2019-жылдагы жана алдыдагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле министрлер 12-13-январь күндөрү Самаркандда өтөт турган "Индия - Борбордук Азия" диалогунун биринчи жолугушуусунун күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышышкан.

Анда мындай форматтагы форум ар кыл тармак боюнча аймактык кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деген ой айтылган.

Пикир

Оставить комментарий