• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-өзбек тур-операторлорунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 19-21-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда “Улуу Жибек жолунда: жашыл ааламга саякат – Жалал-Абад - 2022” регионалдык форум фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин кызматкерлери, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан, Наманган облустарынын башчыларынын орун басарлары жана туризм тармагындагы өнөктөштөр, тур-операторлор катышты.

Форумдун салтанаттуу ачылышы Аксы районунун Жайык айылындагы эс алуу жайында өттү. Ал жерде келген конокторго сый көрсөтүлүп, чоң программадагы концерт тартууланды.

Ошондой эле аталган райондун Жаңгактуу булак айылындагы "Аксы Этно" борборунда кыргыздын улуттук буюмдарын жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Форумда эки өлкө облустарынын туризм тармагын өнүктүрүү алкагындагы маселелер талкууланып, тур-операторлор ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Форумдун аягында Өзбекстандан келген конокторго Сары-Челек көлүнө саякат уюштурулуп, сый көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий