• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты Оштогу ооруканага жардам көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты жардам катары 2 кычкылтек концентраторун жана медициналык коргонуучу кийимдерди тапшырышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке университеттин жамааты 50 миң сом да которду. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган университеттин ректору Чаткалбай Райымбаевди кабыл алып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирдген.

Берилген жардамдар Ош шаардык клиникалык ооруканасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий