• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-Өзбек университетинде өзгөчө кырдаал учурунда сактануу эрежелери үйрөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жеринде жарандык коргонуу жаатында окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Окутууда Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүнүк, өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда аракеттерине даярдыктары, өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери жана биринчи дарыгерге чейинки медициналык жардам берүүнүн жолдору үйрөтүлдү.

Аталган окутуу Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Ч.К. Райымбаевдин кайрылуу катынын негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий