• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз жана кытай тарап «Торугарт» бекетинин ишин жандандырууну талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аянтчасында видеоконференция режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын жана Кытай Эл Республикасындагы СУАРдын Бажы башкармалыгынын башчыларынын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз тарап жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылды.

Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылды, аны учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонууда.

Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүнө ишендирди.

Тараптар берилген сунуштарды кароонун жыйынтыгы тууралуу өз ара маалымат берип турууга жана зарылдыгына жараша видеоконференция түрүндө кезектеги жыйынды өткөрүүгө макулдашышты.

Бүгүнкү күнү «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча тараптардын ортосундагы иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий