• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз жана түрк президенттеринин жубайлары Ч.Айтматов маданият борборун ачышты

Маданият 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты. Айгүл Токоева, бул борбор — эки элдин биримдигин бекемдөөгө, ынтымагын чыӊдоого данакер болот, деген ишеничин билдирди. Ал маданият очогунун түптөлүшүнө өз салымын кошкон «Тика» Түрк кызматташтык агенттигине ыраазычылыгын айтты.

1-сентябрда эки мамлекет башчыларынын жубайлары Бишкек кыргыз-түрк достугу ооруканасында болушту. Алар заманбап техника менен жабдылган бөлмөлөр, лабораториялар жана реанимациялык блоктор менен таанышты. Оорукананын курулушу жана ишке берилиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Келечекте аталган клиникада жогорку технологияны колдонуу менен түрдүү операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү болот.

Пикир

Оставить комментарий