• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз жана тажик жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагында жана тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашуу эки коӊшу мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн, чет өлкөнүн аймактарында турууларына ыңгайлуу шарттарды түзөт. «Тажикстандын «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук жобосу» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар мамлекет аймагына келүүдөн баштап 3 күндүн ичинде колдонгон документин катташы абзел. Ошоной эле, белгилүү бир убакыттын ичинде Тажикстандын бажы аймагынан чыгып кетүүсү керек», - деди ал.

Ошондон улам, сунушталган макулдашуу менен кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагында жана тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралган.

Депутат Кенжебек Бокоев Өкмөт өкүлдөрүн эки тараптуу келишим түзүүдө эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкка караганда коопсуздук маселесине жана кыргыз жарандарынын кызыкчылыгына көбүрөөк көӊүл бурууга чакырды. «Мисалы, Тажикстанга кошуна Ооганстан турат. Андагы кырдаалды эске албай коюга болбойт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий