• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-жапон адамзаттык өнүгүү борборунун биргелешкен жыйынын өткөрүү планы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. 1-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кыргыз-жапон адамдык өнүгүү борборунун (KRJC) жапон тараптын тең директору, JICA долбоорунун башкы кеңешчиси Атсуму Ивай жана кыргыз тараптан KRJCнын тең директору Алмазбек Азимов менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-жапон адамзаттык өнүгүү борборунун өкүлдөрү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, максаттары, атап айтканда, 2020-жылдан тарта «Жапонияда окуу» казак-кыргыз жарманкесин онлайн өткөрүү тууралуу айтып беришти.

Тараптар кыргыз-жапон адамзаттык өнүгүү борборунун биргелешкен координациялык комитетинин жыйынын өткөрүү планын талкуулап, комитеттин курамына кыргыз тараптан Расул Абазбек уулун киргизүүнү сунушташты. Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу сунушту кабыл алды.

Маалымат үчүн:

Кыргыз-жапон адамзаттык өнүгүү борбору 1995-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн, JICA Жапон фонду менен узак мөөнөттүү кызматташтык жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий