• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз жарандары менен үй-бүлө курган тажикстандыктар көбөйүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 04.02.19 /Кабар/. Былтыр Тажикстандын 200дөн ашык жараны расмий түрдө чет өлкөлүктөр менен баш кошкон. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жарандык актыларды каттоо башкармалыгынан билдиришкендей, өткөн жылы тажикстандыктар чет өлкөлүктөрдүн ичинен баарынан да кыргыз жарандары менен көп (100дөн ашык) үй-бүлө курушкан. Андан кийин Өзбекстан, Орусия, Ооганстан, Иран, Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Украина жана Италия жарандары турушат.

Мекемедеги өз булактардын билдиришинче, кыргыз жарандары менен үй-бүлө кургандардын 95и өлкөнүн кыргыздар эң көп жашаган Жергетал районунун тургундары болуп эсептелет. «Алардын көбү тарыхый мекенине көчүп кетүүнү каалашат. Бул үчүн кыргызстандыктар менен үй-бүлө куруу жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет», — деп белгиледи булак.

2011-жылы тажик парламенти өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине бир нече өзгөртүүлөрдү киргизген. Аларга ылайык, тажик кыз-келиндерине үйлөнүүнү каалаган чет өлкөлүктөр негизги үч шартты аткарышы керек: өлкө аймагында кеминде бир жыл жашоо; никеге турганга чейин нике келишимине кол коюу; өмүрлүк жарын турак-жай менен камсыз кылуу.

Өлкө бийлиги мындай чектөөлөр жубайлар ажырашып кеткен учурларда тажик жарандарынын мүлккө болгон укуктарын коргоого байланыштуу киргизилгенин билдирип келет.

2017-жылы БУУнун Расалык басмырлоону жоюу комитети тажик бийлигинен бул чектөөлөрдү алууну талап кылган. Комитеттин баяндамасында мындай чектөөлөр адамдын негизги укуктарын, анын ичинде жубай тандоо укугун олуттуу буза турганы жазылган.

Пикир

Оставить комментарий