• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз жарандарын чет өлкөдөн кайтаруу маселеси тез арада чечилбейт - Боронов

Коом 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргыз жарандарын чет өлкөдөн кайтаруу маселеси тез арада чечилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн жарандар боюнча мамлекет иш алып барууда.

"Кайсы жерде канча жарандарыбыз бар экендиги тууралуу бизде маалымат бар. Алар менен биздин элчиликтин кызматкерлери жана консулдар иштерди жүргүзүп жатат. Кээ бир мекендештерге шарт түзүп берүү боюнча маселелерди чечүүдө", - дейт ал.

Бороновдун пикиринде, учурда эл аралык, ички аба каттамдар токтогондугуна байланыштуу бардык маселелерди тез арада чечүү кыйынга турууда.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий