• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз жараны Казакстанга башка паспорт менен кирүүгө аракет жасаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-унаа жол” өткөрүү пунктунда чек арачылар башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты.

Ал чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатып 1993-жылы төрөлгөн Е.А.уулу аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Текшерүү учурунда ID-card көрсөтүп жаткан адамга тийиштүү эмес экендиги аныкталган. Чек ара кызматкерлери андан ага таандык болгон жалпы жарандык паспортту табышкан. Ал паспорт жасалма экендиги аныкталган.

Сурак учурунда кармалган адам Россияга Казакстан аркылуу кирүү үчүн башка паспортту колдонгонун мойнуна алган. Себеби ага Россиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Кармалган адам Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий