• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууга багытталган координациялык жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу максатында өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган координациялык жолугушуу Маданият министрлигинин координациясы менен өтүп, ага КР президентинин администрациясынын эксперти Данияр Суюнов, БУУнун КРдагы тутумунун жетекчиси Озонио Ожиело, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казимова, донордук уюмдардын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.

Координациялык жыйында маданият министри Азамат Жаманкулов Кыргыз жараны концепциясынын алкагындагы бул жолугушуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашыруунун негизги артыкчылыктарын жана өнөктөштүк механизмдерин аныктоо үчүн аянтчаны түзүү болуп саналаарын белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын элинин биримдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу өлкөнүн маанилүү стратегиялык документи болуп саналат. Бул Концепция Кыргызстандын бардык жарандарын бириктирүүчү ири аянтча. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги министрликтер менен ведомстволор ортосунда Концепциянын аткарылышын координациялоочу жана контролдоочу негизги орган экенин белгилөө менен, бардык өнөктөштөрүбүздү Концепцияда сунушталган багыттарды талкуулоого активдүү катышууга жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды так аныктоого чакырам”, - деди министр өз сөзүндө.

Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын бирдиктүү элинин коомдук биримдигинин концепциясы болуп саналат жана ал Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана аны ишке ашыруу жагынан да чагылдырылган. Концепция 2026-жылга чейин күчүндө болот жана бул багыттагы стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы гана.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз жараны концепциясынын негизги артыкчылыктары жөнүндө өз пикирлерин билдирип, иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу тууралуу сунуш-пикирлерин айтышты.

Эске салсак, иш чара ПисНексус фондунун регионалдык кеңсесинин колдоосу менен өттү.

Кыргыз жараны 5 артыкчылыктуу багытты камтыйт. Алар: Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү жана саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий