• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз жараны Россиядан депортацияланды. Ал бир жылдан ашык убакыттан бери жашырынып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Россиядан депортацияланды. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Алардын маалыматына караганда, ямалдык тартип сакчылары КРнын жаранын издешип, мекенине депортациялашкан. Ал соттун аны РФнын аймагынан чыгаруу тууралуу чечимин аткаруудан качкандыгы үчүн издөөгө алынган. Жаран 2017-жылдын январь айынан бери жашырынып жүргөн.

Аны Салехарддан табышып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборго жайгаштырышкан. Эки досу менен аны өлкөдөн 28-сентябрда чыгарышкан. Аларга Россиянын аймагына кирүүгө 5 жылга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий