• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча план талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө жогоруда аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы сунушталды, ошондой эле аны толуктап иштеп чыгуу боюнча сын-пикирлер жана сунуштар талкууланды.

Жылдыз Бакашова элдин биримдигин жана бүтүндүгүн мындан ары чыңдоодо аталган стратегиялык документтин маанисин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болуп саналат. Бул багыттан алып караганда Мамлекет башчысы тарабынан Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясынын Жарлыгына кол коюусу жарандык жана социалдык жоопкерчиликти мындан ары жогорулатуунун натыйжалуу куралы болуп саналат. Буга байланыштуу бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун өкүлдөрү ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн салымын кошууга умтулушу керек», – деди ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жумушчу топтун, компетенттүү мамлекеттик органдардын, көз карандысыз эксперттердин, ошондой эле ар түрдүү этностор компакттуу жашаган аймактардын жана шаарлардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен бул Жарлыктын алкагындагы чараларды ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы катары жакынкы беш жылга карай мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий