• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз желеги жана калпак эң бийик чокуда. Эверестти багындырган Эдуарддын кайрылуусу

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Эвересттин чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Facebook баракчасына сүрөт жүктөп, жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдогон.

Анын айтуусуна караганда, 23-май, саат 8:35де Эвересттин чокусуна чыгышкан.

"Биздин желегибиз жана ак калпак биринчи жолу дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусунда. Жеңишимди кыргыз элине арнайм. Эркиндигибизди жана касиеттүү жерибизди сактап калалы", - деген ал.

Белгилей кетсек, Кубатов жер шаарынын эң бийик чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Аталган чокуга эң биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан. Кубатов чокуга чыгууну 12-апрелде Непал тараптан баштаган.

Экспедициянын курамында Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандык альпинисттер болгон.

Пикир

Оставить комментарий