• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз жигити Белек Францияда самсы жасап, жергиликтүүлөрдү таң калтырууда

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Учурда Францияда жашап жаткан кыргызстандык Белек Маматкулов өз колу менен дөңгөлөктүн жардамы менен жүрө турган тандыр жасап, жергиликтүү тургундарын кыргыздын самсысы менен таң калтырып келет.

КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдиргендей, франциялык легиондогу кызматтан кийин, Маматкулов Францияда кыргыздын маданиятын жана ашканасын жайылтуу боюнча иш алып бара тургандыгын чечкен.

Ошентип, дөңгөлөк менен жүрө турган тандыр куруу идеясы келген. Француздарга самсы абдан жаккан.

Белек эми бул иш менен келечекте да алектенип, мындан да чоң тандыр жасап, көптөгөн элдерди кыргыздын самсысы менен таң калтырууну ниет кылып жатат.

Учурда ал үчүн Белек каражат чогулта баштаган.

Пикир

Оставить комментарий