• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз журналисттери Анкарада продюсерлик жөндөмдөрүн жогорулатышууда

Маданият 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Түркиянын эл аралык кызматташуу жана өнүгүү агенттигинин демилгеси менен Кыргызстандын тележурналисттери үчүн, “продюсерлик жана программалоо” темасында TRTнын белгилүү режиссеру Ондер Бостанжынын жетекчилиги алдында окуу семинары өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанды семинарда аталган министрликтин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин кызматкерлери, “ЭЛТР” коомдук телерадиокомпаниясынын, “Ынтымак” коомдук аймактык телеканалы, “Пирамида” телеканалынын жана Кыргыз-түрк Манас университетинин кызматкерлери тааныштырууда.

Окуу семинарында ошондой эле, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Монголиянын, Украинанын, Грузиянын жана Ирактын журналисттери катышууда.

Окутуунун алкагында тележурналисттерге күчтүү атаандаштыкта кантип сапаттуу даярдоо, телекөрүүчүлөрдү кантип кызыктырыш керектиги боюнча кеңештер берилди.

Өз кезегинде “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын башкы директору Толкун Эрмекбаев Кыргызстандагы теле-радио мекемелеринин иши тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары катышуучуларга маданий иш чаралар уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий