• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргызаэронавигация” ишканасынын директорунун орун басары каза болгон жол кырсыгынын күбөсү изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Түштүк магистралына баннер кармап чыккан аял “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары каза болгон окуянын күбөсүн издөөдө.

Зейнеп Сулайманкулова “Кабар” агенттигине билдиргендей, ал "Тез жардам" келгенге чейин жабыр тарткандарга жардам көрсөткөн күбөнү издөөдө.

“Ал европа улутундагы, жарым аскердик кийимчен эркек киши болгон. Ал окуя боюнча өз билгенин айтып бере алгандыктан тергөө үчүн бул өтө маанилүү”, - деди ал.

Анын айтымында, ал - унаадагы жүргүнчүлөрдүн биринин тууганы. Алар тарап азыр айыпталуучу болууда.

“Учурда “Кыргызаэронавигация” ишканасынын директорунун орун басарынын денесин ачкандан кийинки корутундусу даяр боло элек. Иликтөө жүрүүдө. Бул факт боюнча эки адам кармалган. Алар 1-тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камалган”, – деп билдиришти Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан.

Эске сала кетсек, 21-октябрда Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Унаалардын биринде “Кыргызаэронавигация” ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев болгон.

Жол кырсыгынан кийин унаадагы жүргүнчүлөр ортосунда уруш чыгып, анын айынан Жакыпбаев жерге башы менен кулап каза болгону айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий