• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын экономика, финансы жана инвестиция боюнча орун басары болуп Жумадилде уулу Мурадил дайындалды.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 14-ноябрда “Кыргызалтын” ААКсынын Директорлор кеңешинин отурумунда кабыл алынган.

Билими:

-2011 - 2014 - Ү.А. Асаналиева Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институнун сырттан окуу бөлүмү, “Кен жайларын жер алдынан иштетүү” адистиги боюнча;
-2011 - 2012 –Кыргыз-Орус Славян Университетинин алдындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борбору, “Юриспруденция” адистиги боюнча;

-2008 - 2009 - Ноттингам Трент Университети (Улуу Британия), “Бизнести администрациялоо адиси” адистиги боюнча;

-2007 - 2008 – Малайзиянын эл аралык ислам университети (Малайзия), “Бизнести администрациялоо адиси” адистиги боюнча;

-2001-2006 – Бишкек Гуманитардык Университетинин алдындагы социалдык-саясий илимдер факультети, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча;

-2000-2001 – Кыргызстандын Эл аралык Университетинин алдындагы Политехникалык колледжи.

Эмгек таржымалы:

-2004-ж. - “Кыргызстандын Жаштар клубу” коомдук бирикмесинин координатору;

-2004-2006-ж. - “Кыргызстандын Жаштар клубу” коомдук бирикмесинин Координациялык Борборунун катчысы;

-2005-2006 ж. – Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүң адиси;

-2006-2007-ж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде окутуучу;

-2009-ж. январь.-2010-ж. декарбь – “БизМастер” ЖЧКсынын башкы директору;

-2009-ж. октябрь-2010-ж. декабрь – “MarketIntelligence” коомдук фондунун төрагасы;

-2010-ж. сентябрь-2013-ж. август – КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында окутуучу;

-2010-2011-ж. – КРнын Жаратылыш ресурстары министринин жардамчысы;

-2012-ж. январь-2012-ж. март – КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы;

-2012-ж. март-2012-ж. октябрь – КРнын Өкмөтүнүң алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинде маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

-2012-ж. ноябрь-2015-ж. июнь – ЖКнын отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы;

-2015-ж. июнь-2016-ж. август – КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

-2016-ж. август-2017-ж. октябрь – “Кыргызтелеком” ААКсынын вице-президент- административдик директору, Башкармалыктын мүчөсү;

-2018-ж. март-ноябрь - ЖКнын отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы.

Пикир

Оставить комментарий