• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргызалтын” Сenterra компаниясынын 29 млн доллар которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. “Кыргызалтын” ААК канадалык Сenterra Gold Inc. компаниясынын аталган кыргызстандык ишкана тарабынан 12-майда 29 миллион доллардай которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди.

“Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, 12-майда жана кийинки күндөрү эч кандай финансылык операциялар жүргүзүлгөн эмес.

“Ошондой эле кыргызстандык ишкана жасалма төлөм документтер менен алектенбейт. “Кыргызалтын” ар дайым мыйзамды сыйлайт жана атагы чыккан, кадыр-баркы жогору баалаган акционердик коом болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкарууну киргизүү боюнча токтом кабыл алган. Мындан улам “Кыргызалтын” 12-майда каржы операцияларды “Кумтөр Голд Компани” менен жүргүзгөн эмес.

“Кыргызалтын” Сenterra Gold Inc. ишканасын мындан ары негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий