• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргызалтын” жыл башынан бери өлкөнүн бюджетине дээрлик жарым милллиард которгон

Экономика 0

Бишкек, 20.11.17./Кабар/. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” ААК Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө дээрлик 459,51 млн сом которгон. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 84,34 млн сом – КР Социалдык фонддго жана 375,17 млн сом – салыктар менен дивиденттер.

Ошондой эле учурда “Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк-каржылык ишмердигинен 80,82 млн сом таза киреше түшкөн.

Учурда “Кыргызалтын” ААКнын бардык өндүрүштүк кеңселерин эске алганда иштеген кызматкерлердин саны 2 056 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий