• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Кыргызалтындын» башчысы канча айлык аларын айтты

Коом 0

Бишкек. 12.03.19 /Кабар/. «Кыргызалтын» компаниясын 2019-2020-жылдары өнүктүрүү стратегиясына ылайык, өзүнүн чыгашалуу бөлүмдөрүнө инвестиция тартуу максатында, холдингдик компания түзүү демилгеси мерчемделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда компаниянын башчысы Алмаз Алимбеков билдирди.

Ошондой эле, ал «Кыргызалтын» компаниясы 2019-2020-жылдары жаӊы кен аянттарын чалгындоо үчүн лицензияларды алууга аракеттене турганын билдирди.

«Ушу тапта биздин кен ылгоо базасын солгундап калды. Ошондуктан, келечеги бар жаӊы кен аянттарына чалгындоо жүргүзүп, алардын корун аныктайбыз, анан аларды иштете баштайбыз. Биздин мындай демилгеге Өкмөт колдоо көрсөтөт деген ойдобуз», - деп кошумчалады Алимбеков.

Депутат Бактыбек Турусбеков «Кыргызалтын» компаниясынын башчысынын жеке кирешесинин өлчөмүнө кызыкты.

«Сиз баардык кошумча төлөмдөр, дивиденддер сындуу кирешелериӊизди толук санап бериӊизчи. Компаниядагы эмгек акыӊыздан сырткары дагы канча киреше табасыз?», - деген собол салды ал.

Алмаз Алимбековдун айтымында, тийиштүү салыктар кармалып калгандан кийин, колуна 50 миӊ сом маяна алат.

«Кыргызалтын» компаниясынын башчысы «Кумтөр» кен иштетүү компаниясынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү катары 4 миӊ доллар кошумча маяна алат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий