• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда кандай иштер аткарылып жатат?

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы бүгүн, 1-июнга карата Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган мамлекеттик маанидеги унаа жолдо төмөнкү жумуштар аткарылып жатат:

- 27,9 км – 29,5 км аралыгында жолдун үстүнкү шагыл катмарын даярдоо жумуштары, 32,9 – 34,4 км аралыгында жолдун асфальт катмарын сыйрып алуу, жараксыз шагыл катмарын казып алып, таштандыга ташуу;

- 28,080 – 28,286, 28,576, 29,469, 30,557 км бөлүктөрүндө жайгашкан темир бетон түтүктөрүн сол жак тарабына куруу жумуштары;

- 16 бирдик жол куруу техникалары, 20 техник-кызматкерлер, айдоочулар, жумушчулар, механизаторлор иштеп жатат;

- 43,9 – 44,9 км аралыгында жолдун жараксыз катмарын казып алып, чыгындыга тогуу;

- 44,9 – 45,6 км аралыгында жолдун шагыл катмарын даярдоо;

- 46,574, 46,300, 46,197, 45,826, 46,613, 45,250 км аралыгындагы жайгашкан темир бетон түтүктөрдү оң жак тарабында куруу;

- 40,350 – 46,910 км аралыгында жолго суу себүү жумуштары.

Белгиленгендей, бул иштерге 20 бирдик жол куруу техникалары, 33 техник кызматкерлер, айдоочулар, жумушчулар, механизаторлор тартылган.

Иштер “Кыргызавтожол” МИнин Жалал-Абад облусуна караштуу №2 Жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий