• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кыргызавтожолдун" Жалал-Абаддагы филиалы мамлекетке 12 млн сом зыян келтирген

Аймак 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы "Кыргызавтожол МИнин Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдарына карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Такталгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн жүктөлгөн кызматтык милдеттерди адилетсиз аткарып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

"Бул иштин алкагында тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, жыйынтыгында 12 млн сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий