• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызча туура сүйлөйлү! ЖКККББ кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Коом 0


Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

"Кыргыз тилибиз элибиз менен бирге эчен кылымдарды карытып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Кыргыз тилине 31 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамы берилген. Ошол күндөн бери Кыргызстанда 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет. Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Эне тилибиздин баркын билип, ар бирибиз кыргызча туура сүйлөйлү!", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий