• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыздар дүйнөлүк маданияттын казынасына эки салым кошкон – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн III "Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышында кыргыз эли дүйнөлүк маданиятты кантип байыткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өлкө элинин жашоочуларынын сыймыгы деп эки улуттук жетишкендикти атоого болот.

“Биз, кыргыздар дүйнөлүк маданияттын казынасына эки салым кошкондугубуз үчүн сыймыктанабыз. Бул биздин “Манас” эпосубуз жана Чыңгыз Айтматов. Алардын ар бири бүткүл адамзаттын кайталангыс жана өчпөс байлыгы экендиги шексиз”, - деди мамлекет башчы.

Ал бүгүн ишин баштап жаткан III Ысык-Көл форуму бүткүл дүйнөгө таанымал жазуучу жана ойчулдун адабий жана идеялык мурасына кайрадан кайрылууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

“Форум дүйнөлүк коомдук жана маданий жашоодо ачык, катардагыдай эмес окуя катары орун алат, мамлекеттердин көп пландуу өз ара аракетин байытууга жана бекеимдөөгө кызмат кылат деп ишенем”, - деп жыйынтыктады Жээнбеков өз сөзүн.

Пикир

Оставить комментарий