• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргыздар муну чай деп айтышкан”. Бишкекте чет өлкөлүк жарандын батиринен баңгизаты табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Бишкекте чет өлкөлүк жарандын батиринен баңгизаты табылган. Интернетте New TV телеканалынын милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда тартылган видеосу тараган.

Видеодо көрүнүп тургандай, орус тилинде чала сүйлөгөн эркек киши милиционерлерге айнек ийдиштин ичиндеги чөптөр баңгизаты эмес, чай экендигин түшүндүргөн. Ал "бул бардык жерде өсөт жана кыргыздар муну чай деп айтышты" деп билдирген.

"Кабар" агенттигине шаардык милициядан билдиришкендей, окуя 12-январда калаадагы Биринчи май районунда болгон.

“Ошол күнү “102” кызматына шаардагы батирлердин биринде ызы-чуу болуп, спирттик ичимдиктери ичилип жаткандыгы тууралуу кайрылуу түшкөн. Бул батирге Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлери келип, айнек идиштин ичинде жыты башкача кургатылган өсүмдүккө көңүл бурушкан. Экспертиза - бул 40 грамм салмактагы марихуана экендигин далилдеген”, - деп билдиришти милиция кызматынан.

Аталган факт Бирдиктүү кылмыштар реестринде катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Милиция кызматынан видеодогу адамдын жарандыгын айтуудан баш тартышты.

Пикир

Оставить комментарий