• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыздын ажарлуу актрисасы Элина Абай кызы кикбоксерго турмушка чыкты

Маданият 0

Бишкек, 28.11.17. /Кабар/. Белгилүү актриса Элина Абай кызы кикбоксер Кумар Жалиевге турмушка чыкты. Эки жаштын кубанычынан достору социалдык тармактарга тойдогу сүрөттөр менен бөлүшүп, жар салышкан.

Той кечээ, 27-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн. Ага эки жаштын жакын туугандары, санаалаштары жана достору катышкан.

Элина Абай кызы - "Боз салкын", "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка", "Саякбай" тасмаларында роль жараткан.

Кумар Жалиев - кикбокс боюнча дүйнө чемпионатында үч ирет коло медалын тагынган.

Пикир

Оставить комментарий