• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

Ишкананын максаты жана милдети мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу.

Мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон тикелей жеткирүүнүн эсебинен күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, социалдык мааниге ээ болгон товарга жана жалпысынан дары-дармектер базарына бүгүнкү күндө, системалуу мамиле болбогон, эң татаал тармак бойдон калууда.

Бул товардын стратегиялык жана социалдык мүнөзүн эске алуу менен мамлекетте дары-дармек менен камсыздоо жана бул багыттагы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болушу керек. Бул саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаменти уруксат берүүчү орган. Ал эми, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду белгиленген мамлекеттик кепилдиктердин алкагында көрсөтүлүүчү медициналык жана фармацевтик кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөөчүсү болуп саналат.

Жеткирип берүүчүнүн инсанындагы жетишпеген шилтемени толтуруу үчүн жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, өндүрүүчүлөрдөн дары-дармектерди тикелей жеткирүү маселелери менен алектене турган мамлекеттик ишкана түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, ишкана Кыргыз Республикасында дары-дармектерди жана субстанцияларды чыгаруучу заводдорду курууну каалаган инвесторлор менен биргеликте, анын ичинде гуманитардык кызматташтыктын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү менен алектенет.

Жалпысынан мындай ишкананы түзүү дары рыногуна оң таасирин тийгизет деген жыйынтык чыгат.

Мында ата мекендик өндүрүшчүлөргө дагы колдоо көрсөтүлөт, алар өз кезегинде өз товарларын дүңүнөн сатууга кызыкдар жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына дистрибьютордук укуктарды берүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий