• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кыргызфильм” киностудиясы пленкадагы тасмаларды мындан ары узак мөөнөткө сактай алат

Маданият 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы пленкага тартылган эски тасмаларды санариптөө жана аны узак мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-октябрда, “Кыргызфильм” киностудиясында Blackmagic Cintel Scanener техникалык жабдуу комплексинин бет ачары өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.

Мындай жабдуу менен эми “Киностудия” пленкага тартылган эски тасмаларды санариптөөгө жана аны узак мөөнөткө сактоо иш аракеттерин жүргүзөт. Учурда киностудияда 900дөн ашуун тасма бар. Киностудиянын мындай техникалык базасын жаңыртуу боюнча долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин астында ишке ашырылып, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Осман Устанын ортосундагы кызматташуунун чегинде ишке ашырылды.

Ачылыш аземдин алкагында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов элчиликке, Түрк кызматташтык жана координация агенттигине ыраазычылык билдирип, кызматташуунун бардык деңгээлинде биргелешип иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдады.

Министр өз сөзүндө Улуттук киностудиянын казынасы тасмаларга бай жана алдыда жасала турган иш аракеттер көп экендигин белгилеп, мындай мүмкүнчүлүк менен ата мекендик тасмаларды санариптөө заман талабы жана өз учурунда жасалып жаткан кадам деп кошумчалады.

Ал эми элчи Ахмат Доган эки элдин ортосундагы маданий-гумантардык байланыштарды бекемдөө үчүн тиешелүү иш аракеттерди жүргүзөрүн жана кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ачылыштын жүрүшүндө “Киностудиянын “директору Акжол Бекболотов заманбап техниканын пайдалануу жана аны колдонуу ыкмасын көргөзүп берди.

Белгилей кетсек, заманбап техниканы Кыргызстандагы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий