• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызфильм” жаңы анимация студиясын ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясында жаңы анимациялык студия ишке кирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей студиянын ишке кириши Сагынбек Ишеновдун режиссерлугунун алдында жарык көргөн “Сандар сүйлөйт” аттуу алгачкы кыргыз мультфильминин 40 жылдыгына арналган.

“Учурда мамлекет “Кыргызфильм” студиясында анимациялык кинонун жаралышын колдоого алып, ага керектелүүчү техникалык жабдыктар менен камсыздап жатат”,-деп билдирди ведомстводон.

Студияны ачууга каражат президент Алмазбек Атамбаев тарабынан бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн 2 млн сомго компьютердик жабдыктар, кеңсе эмеректери сатылып алынган. “Кыргызфильм” киностудиясынын кызматкерлерине техникалык бөлмөлөр жана кыргыз жомокторунун негизинде кино тартууга мүмкүндүк бере турган техникалык жабдыктар алынган.

Анимациялык студиянын ачылышына маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Айбек Джангазиевдер катышты.

Пикир

Оставить комментарий